ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенген жарандардын пенсиялык төлөмдөрү жөнгө салынды

ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенген жарандардын пенсиялык төлөмдөрү жөнгө салынды

2021-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жумушчуларынын пенсиялык укуктарын жөнгө салуу боюнча макулдашуу күчүнө кирген.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, бул документ Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларустун биримдикке мүчө өлкөлөрүндө эмгектенген жарандардын пенсиялык укуктарын өз ара таанууну камсыздайт.

Кыргызстанда макулдашуу кантип ишке ашырылат?
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 147 жарандын пенсиясы чектелген.

Алардын ичинде Россиянын 133 жараны бар:

  • 11 киши Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык пенсияга чыккан;
  • 5 кишинин пенсиясы төлөмдөр узак убакыт токтоп калгандыктан чектелген.

Казакстанда 11 жаранга пенсия чектелген, алардын ичинен 2 киши өз арызынын негизинде токтотулган. Беларустун 3 жаранынын ичинен 1 жаран Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык пенсияга өткөн.

Мындан тышкары, Россия Кыргызстандын 129 жаранынын пенсиясынын бир бөлүгүн чектеген.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Уучурда штаттык режимде иштеп, электр энергиясын туруктуу өндүрүп жатат. Аталган станция 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда пайдаланууга берилген. Аталган ГЭС ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Кырчын капчыгайында жайгашкан "Кырчын" турбазасы мыйзам бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга берилгени аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мүлктүк комплекс 1997-жылы мыйзам талаптарын одоно бузуу менен менчикке өткөрүлгөн. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн "Кырчын"

Республикада мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды

Республикада мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды

Республика аймагында мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бекитилген планга ылайык, учурда 3-6 айлык ургаачы торпоктор бруцеллезге каршы эмделүүдө. Ошондой эле бодо малдан кан алынып, бул илдетке карата текшерүү жүргүзүлүп жатат. Үй жаныбарларын коргоо максатында

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Айбек Джунушалиев 16-мартта "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуу өткөрүп, "Дордой" базарынын аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Айрыкча базардын жанындагы көлгө жана анын айланасына өзгөчө көңүл бурулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мэрдин айтымында, шаар бийлиги бизнести өнүктүрүүнү колдойт, бирок ал системалуу түрдө жана