С.Жапаров: "Быйыл тышкы карызды төлөөгө 3,3 млрд доллар жумшалды"

С.Жапаров: "Быйыл тышкы карызды төлөөгө 3,3 млрд доллар жумшалды"

Өткөн аптанын аягында Президент Садыр Жапаров соңку беш жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 285,4 млрд сом (3,3 млрд доллар) кеткенин фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, карыздын көп бөлүгү быйыл, 2025-жылы төлөнгөн. 

Өлкө башчы алынган карыздын баары экономиканы өнүктүрүүгө, даректүү долбоорлорго жумшалып жатканын белгилеп, мисал катары Камбар-Ата ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун белгиледи. Мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы мурда 68, 84% болсо азыр 42% түзөрүн айтты.

“Карыздардын төлөнчү убагы келгенде бүгүнкүдөй бюджеттин эсебинен төлөбөйбүз. Ар бир долбоор өзүн өзү актайт, өзү төлөйт, өзү кутулат. Мисалы Камбар-Ата ГЭСин алалы. 1,5 миллиард долларды 50 жылга алып жатабыз. Үстөгү жок. Жеңилдетилген мезгил 10 жыл. “Камбар-Атанын” курулушу 7-8 жылда бүтөт. Дароо иштеп баштайт. Иштеп баштаган соң, өзүнөн түшкөн киреше менен 50 жылды биякка кой, 15 жылда эле кутулуп коёт”, - деп жазат С. Жапаров.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тышкы карыз эмес, коммерциялык долбоор экенин кошумчалады. Ушундай ири долбоорлордун дээрлик 90 пайызы бюджетке тиешеси жок экенин жазат ал.  Ошону менен бирге С.Жапаров социалдык долбоорлорго, жолго алынып жаткан насыялар келечекте бюджетке сезилбей турганын белгилеген.

Мындан тышкары окуңуз

Алдамчылык фактысы жана үй-бүлөөлүк зомбулук менен шектелип, экс депутат кармалды

Алдамчылык фактысы жана үй-бүлөөлүк зомбулук менен шектелип, экс депутат кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы жаран Б.А.Т. алдоо жолу менен ири өлчөмдө акча каражаттарын алып, каражаттарды жеке максаттарына жумшаганы аныкталды. Буга шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалды. Мындан тышкары, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул

Москвада акыркы 56 жылдан бери эң көп кар жаады

Москвада акыркы 56 жылдан бери эң көп кар жаады

Москва шаарында акыркы 56 жылдагы кардын эң көп жаашы катталды. Россиянын борборунда бир сутканын ичинде айлык жаан-чачын нормасынын 42%ы түшкөнүн "Фобос" аба ырайы борборунун адиси Евгений Тишковец билдирди. Шаарда кар катмарынын бийиктиги 39 сантиметрге жетти. Жааган кар 1976-жылдагы рекордду жаңылады— ал учурда Москвада 12,9 миллиметр жаан-чачын

Бишкектик кызга доллардан жасалган букет белек кылынды

Бишкектик кызга доллардан жасалган букет белек кылынды

Бишкекте кызга доллар купюраларынан жасалган букет белек кылынып, видео соцтармактарда кызуу талкуу жаратууда. Кызга курьер аркылуу жиберилген накталай доллар купюраларынан чогултулган өзгөчө букет белекке берилди. Оригиналдуу белек түшүрүлгөн видео социалдык тармактарда тез эле таратылып, колдонуучулар арасында кызуу талкууга айланды. Видеокадрда кыз белекти кабыл алып, сюрпризге эмоция менен жооп бергенин жана

Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды

Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды

Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Герейт-Шорон мектебинин имараты, 1956-жылы курулганына карабастан, быйыл толугу менен кайрадан салынганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады. Учурда окуучулар жаңы мектеп имаратында билим алып жатышат. Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 74 млн сомду түздү. Мектеп 550 окуучуга ылайыкталган, анын