Талас облусуна келерки жылы 8 млрд сом бөлүнөт

Талас облусуна келерки жылы 8 млрд сом бөлүнөт

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев президент Садыр Жапаровго үстүбүздөгү жылы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор курулганын билдирди. Ошондой эле жакынкы жылдары төө буурчакты кайра иштетүүчү завод куруу пландаштырылганын айтты.  

Облустун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнгөн. Президент айткандай, анын 400 млн сому убагында иштетилбей артка кайтарылган. 

Талас шаарында 28,5 км ички жолго асфальт төшөлүп, 54 км тротуар курулду. Суу алуучу жайдын жана көлөмү 2000 куб метр болгон резервуардын курулушу аяктап жатат. Бул бүт шаарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. 

 Мындан тышкары, облустун ар кайсы райондорунда суу менен камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган иштер улантылып жатат. 

Ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин беш кабаттуу кампусунун, 900 окуучуга ылайыкталган мектептин жана жети бала бакча имаратынын курулушу башталганы маалым. Турак жай куруу жаатында Мамлекеттик ипотекалык компания 310 батирлүү турак жай комплексин курууну улантып жатат. 

Бул сапарында өлкө башчы келерки жылы облустун жолдорун оңдоого жана “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого 8 млрд сом бөлүнөрүн элге билдирди.  

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media
Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

1-январдан тартып айрым жарандардын категорияларына карап пенсиясын жана кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу сунушталууда. Бул долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Долбоордо мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн айрым аскер кызматкерлеринин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмүн 12 300 сомго жеткирүү да каралган.  "Ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги жана башка атомдук объектилердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын

Ишкер Media
Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткен облусунда чек арага чектеш 27 айылда суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев "Мерсико" жана PATRIP уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, сугат жана ичүүчү суу системаларын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Долбоор Германия Өкмөтүнүн PATRIP фонду аркылуу каржыланган

Ишкер Media
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Жапыекеев бүгү 28-октябрда президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт. Борбордук

Ишкер Media