Финансы министрлиги 7 378 фермерге 934,6 млн сом каражат бөлгөн

Финансы министрлиги 7 378 фермерге 934,6 млн сом каражат бөлгөн

14-ноябрда Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасында сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун “Кошумча каржылоо” бөлүгүнүн жыйынтыктоочу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Иш-чараны Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов ачып, долбоордун алкагында фермерлерге бодо мал сатып алуу үчүн пайызсыз жана күрөөсүз ссудалар берилгенин белгиледи.

Финансы министрлигине караштуу Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева долбоордун аткарылышы жана негизги көрсөткүчтөрү боюнча презентация жасады.

Жыйынтык боюнча Каражаттарды жүгүртүү фонду аркылуу 7 378 фермер жалпы 934,6 млн сом өлчөмүндө каржылоо алган. Фермерлер Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында 4–8 адамдан турган сүт өндүрүүчү зайым алуучулар тобуна бириктирилип, жалпысынан кеминде 11 миң баш ири мүйүздүү мал сатып алышты.

Облустар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

  • Ысык-Көл облусу — 2 372 адам, 311,8 млн сом (376 СӨЗТ)
  • Нарын облусу — 2 468 адам, 311,8 млн сом (381 СӨЗТ)
  • Талас облусу — 2 372 адам, 295,8 млн сом (426 СӨЗТ)

Финансы министрлиги мындай каржылоо фермерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана сүт секторун өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Берилген маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 1 млрд 239,1 млн сомдон 2025-жылы 3

Ишкер Media
Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө" арналган жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан билдирди. Билдирүүгө таянсак, долбоор өлкөдө 2015-жылдан бери Улуттук банкытын координациясы астында ишке ашырылып келет. Анда тиешелүү мамлекеттик органдар, финансы институттары, КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу

Ишкер Media
Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Кыргызстанда биринчи индустриалдык паркты түзүү жана өлкөдөгү индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин бул боюнча тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, “Биринчи индустриалдык парк” Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, жалпы аянты 24,2 гектар болгон аймакта түзүлмөкчү. Долбоордун максаты

Ишкер Media
Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол! 2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100

Ишкер Media