Көл жээгиндеги унаа токтотуучу-пляждык территориялар бир дирекциянын карамагына өтөт

Көл жээгиндеги унаа токтотуучу-пляждык территориялар бир дирекциянын карамагына өтөт

Кечээ Президенттин администрациясынын имаратында Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев менен Ысык-Көлдөгү курорттордун, санатрорийлердин жана пансионаттардын жетекчилеринин жолугушуусу болгонун Президенттин иш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

К.Туманбаев президенттин жарлыгына ылайык эми бардык унаа токтотуучу-пляждык территориялар жаңы түзүлгөн дирекциянын балансына берилерин билдирген. Анын айтымында, бул зоналар буга чейин эле мамлекетке тиешелүү болгон, бирок, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон. 

Эми алар кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы сапатын жогорулатуу максатында  ошол территориялардын кароосуна, тазалыгына, тартибине бирдиктүү талаптарды камсыздай турган бир структурага өткөрүлөт. 

Туманбаев ошону менен бирге эле мамлекеттин бизнеске кысып көрсөтүп, ижаралык ставкаларды жогорулатып же жеке сектордун ишмердүүлүгүнө чектөө коюу аракети жок экенин кошумчалады.  Жолугушууга катышкан санаторийлер менен пансионаттардын жетекчилери сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоп, дирекция менен жаңы форматта кызматташууга даяр экенин билдиришкен. 

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media
Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

1-январдан тартып айрым жарандардын категорияларына карап пенсиясын жана кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу сунушталууда. Бул долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Долбоордо мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн айрым аскер кызматкерлеринин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмүн 12 300 сомго жеткирүү да каралган.  "Ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги жана башка атомдук объектилердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын

Ишкер Media
Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткен облусунда чек арага чектеш 27 айылда суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев "Мерсико" жана PATRIP уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, сугат жана ичүүчү суу системаларын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Долбоор Германия Өкмөтүнүн PATRIP фонду аркылуу каржыланган

Ишкер Media
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Жапыекеев бүгү 28-октябрда президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт. Борбордук

Ишкер Media