Айбек Жунушалиев: "Жашыл зонага кирген үйлөр түрттүрүлбөйт"

Айбек Жунушалиев: "Жашыл зонага кирген үйлөр түрттүрүлбөйт"

Бүгүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчиси Медербек Кыдырмаев жана анын биринчи орун басары Азирет Акимов жана Бишкек башкы планы долбоорунун жетекчиси, Россиянын келечектүү шаар куруу илимий-изилдөө институнун долбоордук иштер боюнча директорунун орун басары Ирина Гришечкинанын онлайн катышуусунда Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планынын жаңы долбоору боюнча маалымат жыйын болду. 

Жыйында калаа башчысы Айбек Жунушалиев, 2024-жылдын аягында Бишкек шаарынын буга чейинки башкы планынын функциясын аткаруу мезгили аяктаганын билдирди.  “Шаардын жаңы башкы планын иштеп чыгууга убакыт керектигине байланыштуу биз эски башкы пландын иштөө мезгилин бир жылга узартканбыз. Жаңы башкы планды иштеп чыгуу, аны коомдук талкууга алып чыгуу, бекитүү сыяктуу процедуралар быйыл аяктап, 2026-жылга жаңы башкы планды бекитишибиз керек болчу”,- дейт ал.  

А.Жунушалиевдин айтымында, япониялык Nikken Sekkei  компаниясы 2024-жылы бир топ иштерди жүргүзүп, шаардын башкы планынын концепциясын иштеп чыккан. Ошол эле жылы ал Министрлер Кабинетинин жыйынында бекитилген. 

“2025-жылы биз Санкт-Петербург шаарынын илимий-изилдөө институту менен келишим түзүп, институт өкүлдөрү бүгүнкү күнгө чейин башкы план долбоорун деталдарына чейин кайра иштеп жатышат. Ага чейин биз долбоорду 25-октябрдан тарта коомдук талкууга койгонбуз. Мыйзамга ылайык, коомдук талкуу мөөнөтү 2 ай. Өзүңүздөр билгендей, 2024-жылы Бишкекте административдик аймактык реформа жүргүзүлүп, шаар 3 эсе чоңойгон. Баса белгилей кетсек, бардык бекитилген нормативдер ушул башкы планда ишке ашырылат. Жашыл зоналар, социалдык объектилер жана башкалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген. Биз эч кандай нормативди ойлоп таап, киргизген жокпуз. Экинчиден, башкы пландын долбоорунда айрым турак үйлөр, айрым имараттар жашыл зонага туш болуп калган. Жогоруда айткан изилдөө институту, эксперттер биз берген маалыматтар боюнча иштешти. Убагында башкы планга толуктоолор, өзгөртүүлөр кирбегендиктен бул участоктор азыркыга чейин бош участок боюнча калган. Бирок, имараттар, үйлөр жашыл зонада болуп калса эртең аны биз барып түрттүрбөйбүз. Биз тескерисинче, ошолордун баарын жаңы долбоорго киргизип, талапка ылайык кылабыз. Ошондуктан ар кандай чагымчыл маалыматтаргга ишенип, бирөөлөрдү ээрчибегиле”,-дейт мэр.  

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

Россияда белгилүү жазуучу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылганын "Известия" басылимасы билдирди.  Анда белгиленгендей, китептин баштапкы баасы 300 миң рубль деп белгиленген. Лот алты томдон турган китептер топтому болгон. Китептердин мукабасында аз гана эскирүү белгилери бар экени айтылат.  Атактуу роман алгач

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен