Кыргызстанда 34 соода-логистикалык борбор иштеп жатат

Кыргызстанда 34 соода-логистикалык борбор иштеп жатат

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын бизнес-форумунда Кыргызстан боюнча 34 соода-логистикалык борбору иштеп жатканын билдирди. 

Анын айтымында, өнүкпөгөн кампалык инфраструктурасыз транспорттук демилгелерди ишке ашыруу мүмкүн эмес. 

“Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борбор курулуп жатат. 25 гектар аянтка жайгашчу объектинин кампалык имараттарынын  жалпы аянты 136 миң чарчы метр. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында ишке ашып жатат жана анда 100 миң жумушуч оруну түзүлөт”,-дейт Сыдыков. 

Буга улай ал электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн Кыргызстан бондолук кампаларды ачуунун үстүндө иштеп жатат. Улуттук почталык оператор бондолук кампанын функциясын алып, ушундай долбоорлорго катышууну план кылган. 

Министр мамлекет транспорттук инфраструктураны жакшыртып, эл аралык коридорлорго катышуу менен landlocked countryден  landlinked countryге өтүү стратегиясын ишке ашырып жатканын айтат. 

“Логистикалык жана транспорттук долбоорлорду каржылоодо негизги роль Азия өнүктүрүү банкына тиешелүү”,- дейт ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу