Тигүү ишканаларынын экспорттук көйгөйлөрү талкууланды

Тигүү ишканаларынын экспорттук көйгөйлөрү талкууланды

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинин имаратында "Кыргыз Экспорт" борбору тигүү жана текстиль ишканалары үчүн диалог аянтчасын өткөрдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ошондой эле КРнын Мамлекеттик салык кызматынын, Экономика министрлигине караштуу Бишкек стандартизация жана метрология борборунун, "Альфа Телеком" ЖАКсынын, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жана тиешелүү ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Учурда тигүү тармагынын өкүлдөрү кыргыз продукциясын Россия Федерациясынын аймагына киргизүүдө, ошондой эле Wildberries маркетплейсине чыгууда кыйынчылыктарга туш болушууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө Wildberries өкүлдөрү аянтчага чыгуу талаптарын, документтер, маркировка, сертификация жана логистика менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн кеңири түшүндүрүштү.

Тараптар түзүлгөн кырдаалдан тез арада чыгуу жолдорун, тоскоолдуктарды жоюу чараларын жана продукциянын тышкы рынокторго тез чыгуу шарттарын талкуулашты. 

Тигүү тармагынын өкүлдөрүнө "Кыргыз Экспорт" борбору жылдын аягына чейин ишкерлер үчүн бир катар окутуу иш-чараларын өткөрө турганы маалымдалып, окуудан калбай, активдүү катышууга чакырышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу