Быйыл жарым жылда былтыркыга караганда 21,7%га инвестиция көп тартылган

Быйыл жарым жылда былтыркыга караганда 21,7%га инвестиция көп тартылган

Сабиров быйыл жарым жылда 21,7%га көп инвестиция тартылганын "Биринчи радионун" 20-ноябрдагы эфиринде президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында 2024-жылы 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылса, быйылкы жылдын алты айында бул көрсөткүч 21,7%га көбөйгөн. 

Р.Сабиров инвестициялардын басымдуу бөлүгү Россия, Түркия жана Кытайдан тартылып жатканын айтты. Негизинен инвесторлор Ысык-Көлдөгү "Ала-Тоо резорт" лыжа кластери, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу, Тамчыдагы атайы каржы инвестициялык аймакты туризм багытында иштетүү, Асман шаарын куруу жана кичи ГЭСтерди курууга кызыкдар болушкан.

Аталган агенттик Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлгөнүн ушул жылдын 21-октябрында билдирген. 

Буга чейин Экономика министрлиги шаар курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептеген. Аны курууга алгач түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылып, кийин курулуш башталган эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол! 2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100

Ишкер Media
Ала-Бука районунда 5 жылда 51 социалдык объект курулду

Ала-Бука районунда 5 жылда 51 социалдык объект курулду

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Ала-Бука районунда 5 жылда жалпы 51 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга

Ишкер Media
Жалал-Абадда 61 млн долларлык эки өндүрүш ишканасын куруу пландалууда

Жалал-Абадда 61 млн долларлык эки өндүрүш ишканасын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы наркы 61 млн АКШ долларын түзгөн эки ири өндүрүш долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу 25-октябрда өлкө лидери Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду. Маалыматка ылайык, "Глобал Эко Грин" компаниясы алма концентратын кайра иштетүү жана шире өндүрүүчү

Ишкер Media
Кыргызстан менен Катар түз абакаттамдарды ачууну талкуулашты

Кыргызстан менен Катар түз абакаттамдарды ачууну талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Катардын соода жана өнөр жай министрлигинин тышкы соода маселелери боюнча мамлекеттик министри Ахмед бин Мохаммед Аль-Саид менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. МинКабдан маалымдагандай, тараптар анда эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү келечегин талкуулашкан. Өзгөчө товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, биргелешкен долбоорлорду

Ишкер Media