ЕАЭБ бюджети 15,1 млрд сомго жетти

ЕАЭБ бюджети 15,1 млрд сомго жетти

ЕАЭБ бюджети өсүп 172,9 млн долларга (15,1 млрд сом) жетип, демилгелерди алдыга жылдыруу үчүн жетиштүү ресурс топтолгонун Россия элдер достугу университетинин социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин эл аралык мамилелер теориясы жана тарых кафедрасынын профессору Игорь Филькевич Н.М.Пржевальск атындагы I эл аралык илимий-эксперттик форумунда айтты.  

Анын айтымында, ЕАЭБ Стратегия-2030 алкагында кызмат көрсөтүү жана социалдык камсыздоонун жалпы аянтын кеңейтип жатат. 

“ЕАЭБ финансылык жана бажылык мейкиндикти кошкондо үч мейкиндикти караган Стратегия-2030ду ишке ашырууну улантып жатат. План боюнча жалпы биржалар, финансы секторун жөнгө салуучу бирдиктүү эрежелер жана өлкөлөр ортосундагы тарифтик эмес унификация үчүн “ак тизмелер” түзүлүп жатат. 
Жаңы стратегияда кызмат көрсөтүүлөр рыногу боюнча: билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана социалдык камсыздандыруу багыттары бекитилген. ЕЭК деңгээлинде 200гө жакын максаттуу индикаторлор жөнгө салынат”,- дейт ал. 

Буга улай профессор ЕАЭБде Кыргызстан, Казакстан жана Армениянын ролу күчөп бара жатканын кошумчалаган. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу