"Кепилдик фонду" январь айынан бери экспорттук ишканаларга 134,5 млн сом кепилдик берди

"Кепилдик фонду" январь айынан бери экспорттук ишканаларга 134,5 млн сом кепилдик берди

“Кепилдик фонд” ААКсы аймактардагы ишкерлерге колдоону дагы да күчөтүп жатканын, алардын ичинен  продукцияны экспорттоого багытталган жана импортту алмаштырууга катышкан компанияларга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Бул аларга каржылоо тартууга, өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы тышкы рынокторго чыгууга жардам берерин баса белгилейт фонд жетекчилиги.  

Фонддун билдиришинче, быйыл январь айынан бери аймактардагы экспорттук ишканаларга берилген кепилдиктердин суммасы 134,5 млн сомго жеткен. Бул колдоонун аркасында ишкерлер 333 млн сомдук кредит алып, аны өндүрүштү өнүктүрүүгө, модернизациялоого жана көлөмүн көбөйтүүгө багытташкан.

Эң көп колдоо алган тармактар: 

  • Агроөнөр жай продукциясын кайра иштетүү – 103,5 млн сом;
  • Өнөр жай – 32,7 млн сом;
  • Айыл чарба – 32,6 млн сом.

Аймактар боюнча кепилдиктер кандай берилди?

Чүй облусу: 75,1 млн сомдон ашык кепилдик → 178,1 млн сомдон ашык кредит

Талас облусу: 55,9 млн сом кепилдик → 142,9 млн сом кредит

Баткен облусу: 1,9 млн сомго жакын кепилдик → 5 млн сом кредит

Жалал-Абад облусу: 1,6 млн сом кепилдик → 7 млн сом кредит

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу