Бишкекте эл аралык стандарттарга ылайык деңиз соодасын өнүктүрүү жолдору каралды

Бишкекте эл аралык стандарттарга ылайык деңиз соодасын өнүктүрүү жолдору каралды

Бишкекте Президенттин Администрациясынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда деңиз соодасын өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин жана ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнү талкуулоого арналган жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Катышуучулар БУУнун Деңиз укугу боюнча эл аралык конвенциясынын ченемдерин практикалык колдонуу, ошондой эле Кыргызстандын Соода деңизде сүзүү кодексин өнүктүрүү маселелерине көңүл бурду. Улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу Кыргызстандын дүйнөлүк соода аренасындагы позициясын бекемдөө үчүн маанилүү экени белгиленди.

Кеңешменин алкагында соода кеме катнашынын катышуучуларынын укуктарын коргоо, процедуралардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана деңиздик администрлөө чөйрөсүндөгү кызматтардын сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын максаты — товар жүгүртүүнү көбөйтүү, деңиз соодасын өнүктүрүү үчүн укуктук жана уюштуруучулук негизди түзүү, ошондой эле соода кеме катнашынын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Жыйынтыгында катышуучулар мыйзамдарды өркүндөтүү, тажрыйба алмашуу жана эл аралык соодадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга багытталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке