Финансылык сектордогу уюмдар 9 айда 64 млрд сом киреше табышты

Финансылык сектордогу уюмдар 9 айда 64 млрд сом киреше табышты

Кыргызстандын экономикасынын финансылык секторундагы уюмдардын кирешеси 2025-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Финансы жана баалар башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 9 айында сектордогу ишканалар 64 миллиард сомдон ашык киреше алышты. Негизги өсүштү Улуттук банк камсыздады. Сектордогу субъекттердин болжолу боюнча 61%ы киреше тапса, 15%ы чыгымга учураган.

Кирешенин жана кардарлар базасынын өсүшү

Жыл башынан бери республиканын финансылык секторунда 555 уюм иштеп келди, алардын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 515 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 18 камсыздандыруу компаниясы бар. Ушул жылдын январь-сентябрь айларында алардын жалпы кирешеси 168,2 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 46%га (53,1 миллиард сомго) көп.

2025-жылдын сентябрь айынын аягында финансылык сектордун кардарлар базасы 22 миллионго жакындап, жыл ичинде 40%га (6 миллиондон ашык) өстү. Бул өсүш банктардын мобилдик банк тутумуна кошулган кардарларынын көбөйүшү, камсыздандыруу келишимдеринин санын көбөйтүү жана микро каржы уюмдары аркылуу онлайн-кредит берүү системасын өнүктүрүү менен байланыштуу.

1-октябрдагы коммерциялык банктар жана бакнктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар боюнча жалпы ачык кредиттик портфель 524 миллиард сомдон ашты. Анын 88%ы банктарга таандык болду.

Кредит берүүнүн негизги багыттары:

  • Жарандардын керектөө муктаждыктары — жалпы көлөмдүн 37 пайызы;
  • Соода тармагы — 22,5%;
  • Айыл чарба — 11,5%;
  • Ипотека — 10,3%.

Мындан тышкары окуңуз

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Жарыяланган штормдук эскертүүгө жана Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан суук аба ырайынын шарттарына байланыштуу энергетиктер энергетикалык объектилердин ишин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө алышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Авариялык-ремонттук запастар даярдалып, мүмкүн болгон бузулууларды тез арада жоюу схемалары иштелип чыкты. "Кыргызстан УЭС" ААКтын маалыматына ылайык, оңдоо бригадалары, транспорт жана

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкек шаарында Энергетика министрлигинин колдоосу менен күн фотоэлектр станциясын энергия сактоо тутуму (BESS) менен айкалыштырган пилоттук долбоордун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоордо: * энергия сыйымдуулугу болжол менен 200 кВт·с болгон сактоо тутуму, * кубаттуулугу 50 кВт чамасындагы күн фотоэлектр станциясы, * энергия керектөөнү санариптик башкаруу тутуму (PMS/EMS)

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды

Министрликке караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин адистери бүгүн Бишкек шаардык санитардык полигонунда жайгашкан таштандыларды кайра иштетүү заводуна таандык өнөр жай калдыктарынын үлгүлөрүн алышты. Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, изилдөөлөр ишкананын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо максатында жүргүзүлгөн. Мониторингдин алкагында лабораториялык анализдер төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт: азот оксиди, күкүрт оксиди, азот диоксиди, көмүртек

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы "Суунун бирдиктүү маалыматтык системасын" (АИС ЕИСВ) иштеп чыгып, ирригация тармагындагы суу ресурстарын башкарууну санариптештирди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы система сууну пландаштырууга, эсепке алууга жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, суу ресурстарын пайдалануунун ачыктыгын камсыз