Владимир Путин: Россия Кыргызстанды күйүүчү-майлоочу май менен толук камсыздайт
Россия лидери Владимир Путин “Ынтымак Ордодо” өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз-Россия кызматташтыгынын эң маанилүү тармактарынын бири энергетика экенин билдирди.
Ал Россия Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майга болгон муктаждыгын толугу менен камсыздап, муну жеңилдетилген шартта, экспорттук бажы алымысыз берип жаткандыгын белгиледи.
Ошондой эле ал "Газпром" компаниясы Кыргызстанга жаратылыш газын жеткирип, өлкө аймактарын газдаштыруу программасын ишке ашырууга салым кошуп жатканына токтолду.
"Бул максатта россиялык концерндерге 400 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөн, бул өлкөнүн газ менен камсыз болуу деңгээлин 42%га жогорулатууга мүмкүндүк берди. Бул иштер мындан ары да улантылат», — деп билдирди Путин.