"Кыргыз экспорт" жетекчиси Россияга товар импорттоодо эмнелерди эске алуу керектигин айтты

"Кыргыз экспорт" жетекчиси  Россияга товар импорттоодо эмнелерди эске алуу керектигин айтты

“Кыргыз экспорт” борборунун башчысы Урмат Такиров Россия лидери В.Путиндин “көмүскө импорт” көйгөйү  тууралуу айткандарына түшүндүрмө берди. 

Анын айтымында, Россия өзүнүн аймагынан өткөн бардык товарларга олуттуу көзөмөлдү бекитти. Ал көзөмөлдүн алкагында эми Казакстан менен чектешкен бардык чек ара пункттары текшерилип, кичинекей эле мыйзам бузуу жүктү кошумча текшерүүгө алып келиши ыктымал. 

Ошондуктан продукцияны жөнөтүүдөгү жоопкерчилик тышкы экономикалык ишмердүүлүк процессинин ар бир катышуучусуна: өндүрүшчүгө, жүк ташуучуга жана жүктү кабыл алуучуга жүктөлөт.  

Буга улай Такиров бир эле фурада бир нече компаниялардын продукциялары ташыларын кошумчалаган. “Эгер бир эле компанияда мыйзам бузуу болсо фурадагы бардык жүктөрдү текшертүүгө себеп табылат. Мурда Федералдык бажы кызматы чек арада турбаган болсо, эми бажы инспекторлору тандалма текшерүүдө ар бир маркировканы, QR кодду жана сертификатты текшеришет”, -дейт ал. 

Ошондой эле ал рынок өзгөрүп жатканын, бизнес жаңы талаптарга көнүшү керектигин айтат. “Ушундай шартта иштеп кетүү – ишкер үчүн негизги тапшырма”,-дейт Такиров. 

Такировдун айтымында, азыркы кырдаал компаниялардын ичинде, транспорттук уюмдар, салык кызматтары жана шайкештикти баалоо боюнча органдар тарабынан дыкат иштөөнү талап комплекстүү проблема. 

Мындан тышкары окуңуз

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Жарыяланган штормдук эскертүүгө жана Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан суук аба ырайынын шарттарына байланыштуу энергетиктер энергетикалык объектилердин ишин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө алышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Авариялык-ремонттук запастар даярдалып, мүмкүн болгон бузулууларды тез арада жоюу схемалары иштелип чыкты. "Кыргызстан УЭС" ААКтын маалыматына ылайык, оңдоо бригадалары, транспорт жана

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкек шаарында Энергетика министрлигинин колдоосу менен күн фотоэлектр станциясын энергия сактоо тутуму (BESS) менен айкалыштырган пилоттук долбоордун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоордо: * энергия сыйымдуулугу болжол менен 200 кВт·с болгон сактоо тутуму, * кубаттуулугу 50 кВт чамасындагы күн фотоэлектр станциясы, * энергия керектөөнү санариптик башкаруу тутуму (PMS/EMS)

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды

Министрликке караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин адистери бүгүн Бишкек шаардык санитардык полигонунда жайгашкан таштандыларды кайра иштетүү заводуна таандык өнөр жай калдыктарынын үлгүлөрүн алышты. Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, изилдөөлөр ишкананын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо максатында жүргүзүлгөн. Мониторингдин алкагында лабораториялык анализдер төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт: азот оксиди, күкүрт оксиди, азот диоксиди, көмүртек

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы "Суунун бирдиктүү маалыматтык системасын" (АИС ЕИСВ) иштеп чыгып, ирригация тармагындагы суу ресурстарын башкарууну санариптештирди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы система сууну пландаштырууга, эсепке алууга жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, суу ресурстарын пайдалануунун ачыктыгын камсыз