Кыргызстан менен Германия Берлиндеги бизнес-форумда 15 келишимге кол койду

Кыргызстан менен Германия Берлиндеги бизнес-форумда 15 келишимге кол койду

"Кыргызстандын улуттук экономикасынын Берлиндеги күнү» кыргыз-герман бизнес форумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлганы боюнча маалымат МинКабдын расмий сайтына жарыяланды.

Форумда жалпы төмөндөгү эки тараптуу 15 келишимге кол коюлган:

  1. "Мега Мастер Плюс" ЖЧКсы (Кыргыз Республикасы) менен Grenzebach BSH GmbH (Германия) компаниясынын ортосунда Кыргызстанда гипсокартон жана гипстен кургак аралашмаларды чыгаруучу завод куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн жабдууларды жана технологияларды жеткирүү жөнүндө келишим; 

2. «Сан Планет Органик» ЖАКсы менен EgeSun GmbH ортосунда 100 тоннадан ашык грек жаңгагын экспорттоо боюнча келишим; 

3. КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен «Siemens Helthineers» компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

4. «Spitzke» компаниясы менен Бишкек шаарындагы № 97 темир жолчулар кесиптик лицейинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

  1. КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен "KARL Berufsbildungs-GmbH" компаниясынын ортосунда Кыргызстанда кесиптик билим берүү борборун түзүү жана өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен "Janser Consult GmbH" компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда ишке орноштуруу, кесиптик даярдоо жана интеграциялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен "Barmer Ersatzkasse" компаниясынын ортосунда Германияда жашаган жана иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо, медициналык жана социалдык камсыздандыруу жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

  1. "Инсан-Лейлек" коомдук фонду менен "KUNA – Verein für Nachhaltige Entwicklung und interkulturelle Zusammenarbeit" бирикмесинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум (Туруктуу өнүгүү жана маданияттар аралык кызматташтык ассоциациясы, Германия Федеративдүү Республикасы); 
  2. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен "Europa Park" компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 
  3. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Регенсбург жана Швандорф жумуш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  4. «АК Бура Групп» ЖЧКсы менен «Wiegert&Bähr Turbinen und Stahlwasserbau» ортосундагы мини-гидроэлектростанция куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандум; 

12. «АПК Валди» менен «SEG ENERGY LEASING LIMITED» ортосунда Кыргызcтандагы өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган мүмкүн болгон экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө меморандум: энергияны үнөмдөөчү курулуш, күн энергетикасы, "жашыл" логистика (анын ичинде май куюучу станцияларды 120 кВт/600 кВт тез кубаттоочу станциялар, 22 кВт үйдү кубаттоочу станциялар менен жабдуу, электр-жүк ташуучу унаалар үчүн тез кубаттоочу терминалдарды куруу); 

13. КРнын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Schmid Group GmbH» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

14. «Кыргыз Винд Систем» менен «Crane&Logistic Partner GmbH» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

15. «Кыргыз Винд Систем» менен «Windevo Servicetechnik GmbH» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу