Өлкөнүн суу стресси көрсөткүчү "кризистин алдында" деңгээлине жетип калды

Өлкөнүн суу стресси көрсөткүчү "кризистин алдында" деңгээлине жетип калды

28-ноябрда Бишкекте «Кыргызстандын ирригация секторуна инвестициялар» аттуу тегерек стол өтүп, анда эл аралык уюмдардын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн, эксперттик коомчулуктун, донорлордун жана инвесторлордун өкүлдөрү чогулду. Иш-чаранын катышуучулары өлкөнүн суу ресурстарынын учурдагы абалын, ирригациянын өнүгүү келечегин жана суу секторуна комплекстүү инвестициялык стратегия түзүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын бар болгон суу ресурстары төмөнкүлөрдөн турат:

– жылдык дарыя агымы болжол менен 50 млрд м³;

– 14 млрд м³ жер астындагы суу;

– 10 миңдей мөңгү;

– 45 миңден ашык дарыя, алардын жалпы узундугу 168 миң кмге жакын.

Эл аралык булактарга ылайык, Кыргызстандагы суу стресси көрсөткүчү 3,28ге жетип, «кризистин алдындагы» деңгээлге жакындап калган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев өз сөзүндө суу секторун модернизациялоонун негизин түзгөн реформалар тууралуу маалымат берди:

“Биз мыйзамдык базаны туруктуу түрдө өркүндөтүп келебиз. Улуттук деңгээлде төмөнкү документтер иштелип чыгып, кабыл алынды:

2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы;

2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы;

Суу кодексинин жаңы редакциясы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы.

Ошол эле учурда өлкө климат боюнча күн тартибин активдүү илгерилетүүдө. Биздин оюбузча, бул реформалардын бардык багыттары – суу сактагычтарды куруу, ирригацияны модернизациялоо, санариптештирүү, бассейндик органдарды түзүү – Кыргызстандын суу коопсуздугун жогорулатууга багытталган бирдиктүү стратегияны түзөт,-дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке