Ош аэропортунан 13,9 млн сомдук мыйзамсыз алтын буюмдар кармалды
"Ош" эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн биринен мыйзамсыз ташылып келген 13,9 млн сомдук алтындар табылганын Салык кызматы билдирди.
Ташылып келген буюмдардын тиешелүү коштомо документтери жок болуп чыккан. Алтын буюмдардын арасында билерик, чынжырча жана сөйкөлөр бар.
Аталган мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.
Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган жана контрабандалык товарларды жүгүртүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантып жатат.