Салык кызматы иштебеген мекемелердин, жеке ишкерлердин тизмесин жарыялады

Салык кызматы иштебеген мекемелердин, жеке ишкерлердин тизмесин жарыялады

Мамлекеттик салык кызматы иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин тизмесин жарыялады. 

Тизме аймактык салык органдарына ал расмий жарыяланган учурдан тартып 30 күн өткөндөн кийин юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берет.

Бул мөөнөт ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар, негиздери болсо же суроолору пайда болсо, салык органдарына мажбурлап жоюу же каттоодон чыгаруу жол-жобосун токтотуу боюнча арыз менен кайрыла алышат.

Салык төлөөчүлөр тизмени Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынын башкы бетиндеги "Башка бөлүмдөр" бөлүмүнөн же https://sti.gov.kg/section/0/tizme шилтемеси аркылуу көрө алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, аталган өлкөлөрдүн өз авиакомпанияларынын болушу эске алынууда. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов жергиликтүү медиаларга билдирген. "Германия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анткени ал өлкөнүн Lufthansa Airlines авиакомпаниясы бар. Ошондой эле Польша менен да сүйлөшүүлөр жүрүп

Ишкер Media
К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media