2024-жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,6 трлн сомду түзүп, 11,5%га өскөн

2024-жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,6 трлн сомду түзүп, 11,5%га өскөн

2024-жылы ички дүң продукт (ИДП) 1,6 триллионго жакын сомду түздү, бул алдын ала баалоолор боюнча түзүлгөн маалыматтардан 59,6 млрд сомго жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2023-жылга салыштырмалуу ИДПнын өсүү темпи 11,5%ды түздү, ал эми алдын ала баалоо 9,0% деп белгиленген болчу. Өсүш негизинен кызмат көрсөтүү, товар өндүрүшү жана продукттарга болгон салыктар аркылуу камсыз болду.

Кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүшү 9,8%га жеткен, товар өндүрүш тармактарында 12,7%, ал эми продукттарга болгон салыктардын өсүү темпи 14,7%ны түздү. Алдын ала баалоолордо бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүк менен 9,3%, 8,5% жана 9,2% деп көрсөтүлгөн.

ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (52,3%) кызмат көрсөтүүлөргө туура келди, бул алдын ала баалоого салыштырмалуу 0,2% көп. Товар өндүрүш тармактары 33,3%ды түзүп, 0,1%га төмөндөгөн. Өнөр жай 17,0%га жетип, 0,5%га көбөйгөн, курулуш 7,7% менен 0,6%га төмөндөгөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 8,6%да өзгөргөн жок.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен