Аңчылык эрежелерин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды
Ала-Арча суу сактагычынын аймагында жарандан калибри 4,5 мм болгон пневматикалык курал табылган. Бул тууралуу бүгүн Жаратылыш министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, жаранга 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Рейддик иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлдү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу