Ысык-Көлдө 100 орундуу бала бакча курулууда

Ысык-Көлдө 100 орундуу бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Тологой айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 84 миллион сомду түзөт.

Курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталган. Учурда жумуштардын 70 %ы аткарылып, имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана чакан архитектуралык формаларды орнотуу пландалган.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1 404 чарчы метрди түзгөн имарат заманбап талаптарга ылайык курулууда. Анда балдардын тарбияланып, билим алуусу жана эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Курулуш иштеринин сапаты жана жүрүшү министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаары АКШдан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

"Бала ырысы" жөлөкпулун алган балдардын саны 266 миңден ашты

Аңчылык эрежелерин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды

DemirBank менен Black Friday: каалаганыңызды азыр сатып алыңыз, 6 айга чейин 0% менен бөлүп төлөңүз!

Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы менен жолугушту