"Бала ырысы" жөлөкпулун алган балдардын саны 266 миңден ашты

"Бала ырысы" жөлөкпулун алган балдардын саны 266 миңден ашты

2026-жылдын ноябрь айына карата жөлөкпул алган балдардын саны 266 166ты түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Билдирүүгө ылайык, жөлөкпул төлөө үчүн талап кылынган каражаттын суммасы 328 млн 20 миң 598 сом 44 тыйынды түзөт.

2026-жылдын октябрь айына салыштырмалуу жөлөкпул алуучулардын саны 13 467 балага же 5,3 пайызга көбөйгөн, ал эми талап кылынган каражаттын көлөмү 16,5 млн сомго өскөн.

Ал эми жөлөкпул алууга берилген арыздардын 84 пайызы "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырылган.

"Бала ырысы" программасы жаш балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө багытталган. Жөлөкпулду тариздөө "Түндүк" мобилдик тиркемеси жана министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Ал эми акча каражаттары түздөн-түз алуучулардын банктык эсептерине которулат.

жүргүзүлөт.Жөлөкпулдун төлөмдөрү ар бир айдын 1инен 10уна чейин жүргүзүлөт. Анын өлчөмү ар бир бала үчүн айына - 1 200 сомду түзөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Тажикстандын товар жүгүртүүсү үч эсеге өстү

Акай Кыдыров Президенттике талапкерлигин көрсөттү

Ош шаары АКШдан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Аңчылык эрежелерин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды

DemirBank менен Black Friday: каалаганыңызды азыр сатып алыңыз, 6 айга чейин 0% менен бөлүп төлөңүз!