Бишкек, Ош ЖЭБдери отун менен кандай камсыздалган?

Бишкек, Ош ЖЭБдери отун менен кандай камсыздалган?

Быйылкы от жагуу сезонунда Бишкек ЖЭБине жалпы 1 млн 400 миң тонна көмүр керектелет. 20-ноябрга карата ЖЭБдин кампасында 280 миң тонна көмүр жана 4 200 тонна мазут бар.

2004-жылы ушул мезгилде кампада 242 миң тонна көмүр болгон жана быйыл көмүрдүн шаардык жылуулук борборундагы кору былтыркыга салыштырмалуу 38 миң тоннага көп.
Ош ЖЭБинин 2025-жылга карата мазутка болгон керектөөсү 23 миң тонна болсо, учурда 20 800 тонна мазут ташылып келген. Былтыр ушул мезгилде 12 900 тонна гана мазут болгон. Мазут менен камсыздоо былтыркыга салыштырмалуу болжол менен 8 миң тоннага көбүрөөк.

Бишкек ЖЭБи көмүр менен былтыркыдан жакшыраак камсыздалса, Ош ЖЭБи мазут менен дээрлик толук камсыздалган. 

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаары АКШдан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

"Бала ырысы" жөлөкпулун алган балдардын саны 266 миңден ашты

Аңчылык эрежелерин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды

DemirBank менен Black Friday: каалаганыңызды азыр сатып алыңыз, 6 айга чейин 0% менен бөлүп төлөңүз!

Ысык-Көлдө 100 орундуу бала бакча курулууда