ЕАЭБ азык-түлүк менен өзүн-өзү 92%га камсыздай алат
Кечээ Москва шаарында өткөн “Ветеринардык коопсуздук” аттуу эл аралык форумда азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер талкууланганын Евразиялык экономикалык комитети билдирди.
Андан сырткары форумда эпизоотикалык жыргалчылыкты сактоо, малдын кооптуу ооруларына каршы күрөшүү, ветеринардык дары-дармектер рыногун өнүктүрүү жана Евразия мейкиндигинде инновациялык технологияларды киргизүү маселелери каралды.
Форумда ЕЭКтин Өнөр жай жана агроөнор жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян азык-түлүк коопсуздугу — ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, ЕАЭБ түзүлгөндөн бери айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 25%га өстү, азык-түлүк боюнча өзүн-өзү камсыздоо 92%га жетти, ал эми биримдик ичиндеги өз ара соода 70%га көбөйгөн.
Эгер 2014-жылы тышкы соода дефицити 24 млрд долларды түзсө, 2021-жылдан тарта ЕАЭБ олуттуу экспортёр болуп калды. Бүгүнкү күндө агрардык продукциянын экспорту 40 млрд доллардан ашты.
Форумдун ишине ЕЭКтин санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар боюнча департаментинин өкүлдөрү да катышкан.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу