Кыргызстанда кант өндүрүү көлөмү 2 млрд 685,5 млн сомду түздү

Кыргызстанда кант өндүрүү көлөмү 2 млрд 685,5 млн сомду түздү

2025-жылдын январь–октябрь айларында Кыргызстанда кант өндүрүү көлөмү 2 млрд 685,5 млн сомду түзгөнү статистиканын маалыматтарында айтылат.

Көрсөтүлгөн мезгилдеги көрсөткүч 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 54,1% көп. Ал кезде кант өндүрүүнүн көлөмү 1 млрд 742,3 млн сом болгон.
Ошону менен бирге, 2025-жылдын октябрь айында кант чыгаруу 881,9 млн сом деңгээлинде болуп, 2024-жылдын октябрындагы 1 млрд 330,8 млн сомго салыштырмалуу 33,7%га азайды.

2025-жылдын октябрь айы боюнча канттын физикалык көлөм индекси 81,5%ды, ал эми январь–октябрь айларынын жыйынтыгында 183,1%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

БУУ менен адам укуктары боюнча өнөктөштүк талкууланды

БУУ менен адам укуктары боюнча өнөктөштүк талкууланды

17-июнда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлүнүн милдетин аткаруучу Эннио Боати менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда адам укуктарын коргоо, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, гендердик теңчилик жана мамлекеттик органдардын ачык-

Күзөт кызматы президенттин карамагына өттү

Күзөт кызматы президенттин карамагына өттү

Жогорку Кеңеш 17-июнда “Мамлекеттик чек араны коргоо жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.  Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы УКМКнын Чек ара кызматын Мамлекеттик чек ара кызматына айландыруу, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, аны түздөн-түз өлкө президентине

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

Президенттин креативдүү секторду салыктан бошотуу тууралуу жарлыгында каралган жеңилдиктерден Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары да пайдалана алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Шыкмаматовдун айтымында, жарлыкта “Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, анын ичинде тексттик, графикалык, аудио жана видеоматериалдарды даярдоо, жайгаштыруу жана жайылтуу кызматтары” жөнүндө сөз болот.

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Венесуэланын Балык чарбасы жана аквакультура боюнча элдик бийлик министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандагы элчиси Росальба Ло Буэ менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар балык чарбасы жана аквакультура тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын