Кыргызстандык дыйкандар үчүн Кытайдын мөмө-жемиш рыногу ачылды

Кыргызстандык дыйкандар үчүн Кытайдын мөмө-жемиш рыногу ачылды

Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытайга экспорттоого расмий уруксат берилди. Бул ата мекендик дыйкандар жана экспорттоочулар үчүн Кытай рыногуна чыгууга жаңы мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, 2026-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда өсүмдүк карантини жана фитосанитардык талаптар боюнча протоколго кол коюлган.

Анын негизинде Кытай тарап 20-октябрдагы №149 расмий жарыясы менен Кыргызстандан төмөнкү мөмө-жемиштерди импорттоого уруксат берген:

  • Малина;
  • Карагат;
  • Ежевика.
Министрликтин маалыматына караганда, Кытайга экспорт жүргүзүү үчүн мөмө-жемиш өстүрүлгөн өндүрүш участоктору жана таңгактоочу ишканалар белгиленген фитосанитардык талаптарга жооп берип, Кытай тараптан каттоодон өтүшү керек.
Бул үчүн Кыргыз тарап тиешелүү өндүрүш участокторунун жана таңгактоочу ишканалардын тизмесин Кытайга сунуштайт. Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы каттоо иштерин кыска мөөнөттө жүргүзүүгө даяр экенин билдирген.

Ушуга байланыштуу малина, карагат жана ежевика өстүргөн дыйкандар, ошондой эле таңгактоочу ишканалардын ээлери каттоодон өтүү үчүн министрликке караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментине же анын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

Бул чечим кыргызстандык мөмө-жемиш өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы менен жолугушту

Данияр Амангелдиев Москвада ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Өлкөдө балык өндүрүшүн 60 миң тоннага жеткирүү пландалууда

Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат

Автоунааларды бажылык тариздөө 10 мүнөткө жетпеген убакытта өтүп калды