Автоунааларды бажылык тариздөө 10 мүнөткө жетпеген убакытта өтүп калды
“Автомобильный” Бажылык тариздөө жайында (БТЖ) жеңил автоунаалардын 88 % бажылык тариздөөдөн 10 мүнөткө жетпеген убакытта өтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Автомобильный” БТЖда мониторингдин жыйынтыгы боюнча оң динамика байкалууда. Эгерде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жеңил автоунаалардын болжол менен 10 % 10 мүнөткө жетпеген убакытта бажылык тариздөөдөн өткөн болсо, октябрь айында бул көрсөткүч 88 % жеткени аныкталды. Мында бажылык тариздөөнүн орточо убактысы 3 мүнөттү түзөт.
Мындай натыйжаларга тариздөө жол-жоболорунун айрым этаптарын кайра карап чыгуу жана жөнөкөйлөтүү, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү аркылуу жетишилди. Бул зарыл болгон бажы көзөмөлүнүн чараларын сактоо менен бажы жол-жоболорун тездетүүгө мүмкүндүк берүүдө.


Белгилей кетсек, 2026-жылдын сентябрь айынан тартып “Автомобильный” бажылык тариздөө жайы “Силк Роуд Моторс” жаңы убактылуу сактоо кампасынын аймагында иш алып барууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу