Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат
Ош шаарында узундугу 32 чакырымды түзгөн түштүк айланма жолун куруу долбоору ишке ашырылат. Бул багытта кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Кол коюу аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана "АВТОБАН" жол куруучу компаниясынын директору катышты.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында заманбап автомобиль жолунан тышкары транспорттук жол түйүндөрүн, көпүрөлөрдү жана башка инженердик курулмаларды куруу каралган.
Түштүк айланма жолунун курулушу ишке ашса, Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү транзиттик унаалардын агымы азайып, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт. Ошондой эле айдоочулардын жол жүрүүгө кеткен убактысын кыскартууга шарт түзүлөт.
Долбоор Ош шаарынын жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу