Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы жаңы өкүлү дайындалды

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы жаңы өкүлү дайындалды

Бектурган Калыбек уулу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы расмий өкүлү болуп дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, тийиштүү күбөлүктү палатанын президенти Темир Сариев тапшырды.

Бектурган Калыбек уулу көп жылдан бери Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы бизнес байланышты өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Ал бир катар инвесторлорду тартууда, бизнес-форумдарды жана эки өлкө ишкерлеринин жолугушууларын уюштурууда активдүү иш алып барган.

Жаңы дайындоо Кыргызстан менен Индиянын соода-экономикалык кызматташтыгын дагы да бекемдөөгө өбөлгө түзөт, - деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы менен жолугушту

Данияр Амангелдиев Москвада ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Өлкөдө балык өндүрүшүн 60 миң тоннага жеткирүү пландалууда

Кыргызстандык дыйкандар үчүн Кытайдын мөмө-жемиш рыногу ачылды

Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат