А.Касымалиев: "Мамлекет майыптыгы бар адамдарга колдоону күчөттү"

А.Касымалиев: "Мамлекет майыптыгы бар адамдарга колдоону күчөттү"

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин  жыйынын өткөрдү.

Ал Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 2007-жылга салыштырмалуу 221 миң адамга (калктын 3%) чейин өсүшүн өкүнүү менен белгилеп, мамлекеттик колдоонун күчөтүлгөндүгү жөнүндө айтып берди.

"2022-жылдан тарта социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бул максаттарга 8,6 млрд сом каралган, ошол эле учурда жөлөк пулдун орточо өлчөмүн (6 411 сом) жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландаштырылып жатат. Ушул жылы майыптык боюнча пенсияларга 7,6 млрд сом багытталган, анын орточо өлчөмү 9 600 сомго жетти", – деп белгиледи МинКаб башчысы.

"Социалдык ипотека" программасы боюнча 258 үй-бүлө турак жай менен камсыздалды. Мамлекеттик социалдык буйрутманын олуттуу өсүшү белгиленди: 2025-жылга 115 млн сом каралган, анын ичинен 51 млн сом майыптыгы бар адамдар үчүн кызмат көрсөтүүгө багытталган — бул 2022-жылга салыштырмалуу 5 эсеге көп.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media