Кыргызстан менен Пакистандын өз ара соода жүгүртүүсү 200 млн сомго жеткирилет

Кыргызстан менен Пакистандын өз ара соода жүгүртүүсү 200 млн сомго жеткирилет

4-декабрда Исламабад шаарында Кыргызстан президенти Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар Кыргызстан үчүн дүйнөлүк рынокторго чыгууда Пакистандын Карачи жана Гвадар портторун колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Пакистан тарап бул жолугушууну тарыхый деп атап, жакынкы жылдары өз ара соода жүгүртүүсүн 200 млн долларга чейин көбөйтүүгө болорун белгиледи.

Ошондой эле эки тарап Пакистандын порттук инфраструктурасын колдонуу боюнча кызматташууну кеңейтүүгө макул болушту. Бул деңизге түз чыгышы жок Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү. Ошондой эле лидерлер "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолун куруунун региондун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөрүн белгилешти.
Энергетика тармагында башкы приоритет — CASA-1000 долбоору бойдон калууда. Ал Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык интеграциясын чыңдоодо стратегиялык мааниге ээ.

Садыр Жапаров Бишкек Исламабадды ишенимдүү өнөктөш катары көрөрүн жана саясий диалогду жаңы деңгээлге чыгарууга умтуларын баса белгиледи. Тараптар жетишилген макулдашуулар экономикалык жана инфраструктуралык жалпы долбоорлорго жаңы дем берерине ишеним билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке