"Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт

"Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт

“Росатом жаңылануучу энергия” ААКнын башкы директору Григорий Назаров “Росатом” Кыргызстанда кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын (ШЭС) 2026-жылы куруууну пландап жатканын билдирди. 

“Биз ноябрь айында станцияны туташтыруу боюнча техникалык шартты алдык, бул бизге объектти деталдуу долбоорлоого киришүүгө мүмкүндүк берет. Учурда жалпы пландаштыруу, аянтча, туташтыруу схемалары аныкталды. Биз так параметрлерди алып, деталдуу долбоорлоого өттүк. Курулуш техникасы аянтчага 2026-жылы чыгат, бирок, так айын айтууга али эрте”, — деди ал Дагестандагы иш сапарында. 

Эске салсак, бул ШЭСтин курулушу жана эксплуатациясы боюнча инвестициялык келишим 2024-жылдын аягында түзүлгөн. Долбоор шамал электр станциясын куруп, андан өндүрүлгөн электр энергиясын сатуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га