"Тазалыкка" эмнеге пакистандыктар алынып жатат?

"Тазалыкка" эмнеге пакистандыктар алынып жатат?

Муниципалдык “Тазалык” ишканасында 420 бош орун бар экенин, жумушчулар жетишсиз болуп жатканын БШКнын турак жай-коммуналдык чарба, күйүүчү-майлоочу материалдар, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, жумушчулардын аз болуп жатканына айлык маяна, экинчиден, бул иштин келечексиз экендиги себеп болуп жатыптыр. “Андыктан таштанды чыгаруу боюнча тарифти көтөрмөйүн айлыкты көбөйтүү мүмкүн эмес. Бирок мен шаар тургундарын “Тазалыкка” жумушка орношууга чакырам”, — деди Рамиз Алиев.

Ишкананын жетекчиси Жолдошбек Чуштуков санитардык тазалоо, катуу тиричилик калдыктарын чыгарууда чындап эле көйгөйлөр бар экенин, ошондуктан чет элдик жарандарды тартып жатканын билдирди. 

Аталган жыйында, кыргызстандык жарандарга 90 миң сом айлык берилсе да таштанды жүктөгүч катары иштешпегендиктен, пакистандыктар алынганы да айтылды. Депутаттардын бири пакистандыктар менен чектелбей, Бангладештен да жумушчу тартууну сунуштады. Анын айтымында, алар 35–40 миң сом айлыкка да макул.

Нардеп Рысбай Аматов кызматтарды аутсорсингге өткөрүүнү сунуштады. “Кадр жок экен, анда жеке компаниялар иштесин, алар бүт шаарды тазалашат. Өнүккөн шаарларда гүл отургузууга чейин аутсорсингге беришет. Пилоттук долбоорлорду баштоо керек, микрорайондорго, жашыл массивдерге бөлүп, ошол эле Новопокровкадан баштасаңар болот”, -дейт ал. 

Рамиз Алиев жеке компанияларга берүүнүн негативддүү тажрыйбасы бар экенин билдирди. “Шаар боюнча 3-4 компания иштеп жатат, бирок алар өз милдеттемелерин аткарбай жатышат. Ошондой эле шаарда 1 млн 500 адам болсо анын 3/1 базада жок”, дейт Р.Алиев. 

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media