Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 2040-жылга чейин 24%га чейин жетиши мүмкүн

Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 2040-жылга чейин 24%га чейин жетиши мүмкүн

Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) 2040-жылга чейин айыл жергесинде жашаган кошумча 170 миңге жакын адам жакырчылык чегинен төмөндөп кетиши мүмкүн экени айтылды.

Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 24%га чейин жетип, жыл сайын кирешелердин 5–10%жоготуусуна алып келиши мүмкүн. Инфраструктура — биринчи кезекте жолдор жана көпүрөлөр — тейлөөгө кыйла көп каражат талап кылып, жылдык оңдоо чыгымдары 100 млн доллардан ашышы мүмкүн дегенн божомол бар. 

Жер көчкүлөрдүн көбөйүшү сел коркунучун күчөтүп, инфраструктурага келтирилчү мүмкүн болгон зыян 72%га чейин өсүшү ыктымал.

“Ошол эле учурда айрым тармактар өзгөрүүлөрдөн пайда көрүшү мүмкүн. Дарыя агымынын көбөйүшүнө байланыштуу 2050-жылга чейин гидроэнергия өндүрүшү 11%га чейин өсүшү ыктымал, бирок суу сактагычтардын ылайлануусу алардын ишин начарлатат. 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү таза абаны камсыздап, энергетикалык коопсуздукту бекемдеп, энергия үнөмдөөнү жогорулатат. Электр энергиясынын экспорту аркылуу 3,5 млрд долларлык киреше түшүп, нефть продуктыларын импорттоодон 3 млрд долларга чейин үнөм болушу мүмкүн. Мамлекеттик инфраструктурага жеке сектор инвестицияларды тартат, бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн энергетика, курулуш жана транспорт тармактарына кошумча 10 млрд доллар инвестиция талап кылынат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Аксыда 908,2 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашууда

Аксыда 908,2 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашууда

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Аксы районунда курулуп жаткан Ак-Терек каналынын курулуш иштери менен таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, Падыша-Ата дарыясынан башталган бул ири ирригациялык объект аймактагы сугат суу тартыштыгын жоюуга багытталган. Долбоордун жалпы наркы 908,2 млн сомду түзөт. Канал толук ишке берилсе 3400 гектар жаңы

Эмгек чөйрөсүндөгү басым жана куугунтук маселеси талкууланды

Эмгек чөйрөсүндөгү басым жана куугунтук маселеси талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин 15-июндагы кезектеги отурумунда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтук маселеси каралды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн концепциясы сунушталды. Отурумга депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

"Жашыл кепилдиктер" компонентин колдоого 59 млн $ бөлүнөт

"Жашыл кепилдиктер" компонентин колдоого 59 млн $ бөлүнөт

Кыргызстанда экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы демилге ишке кирүүдө. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагындагы «Жашыл кепилдиктер» компоненти үчүн 59 миллион $ көлөмүндө каржылоо каралды. Кепилдик фондунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-июнунда “Кепилдик фонду” ААКсы менен КРнын Финансы министрлигинин ортосунда тиешелүү субсидиардык келишим кабыл алынган. Ага “Кепилдик фонду”

Тоголок алтын кени өлкөнүн өз каражаты менен иштетиле баштады

Тоголок алтын кени өлкөнүн өз каражаты менен иштетиле баштады

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ири Тоголок алтын кени өлкөнүн өз күчү жана каржылоосу менен өздөштүрүлө баштады. Долбоорду "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишке ашырууда. Ишкананын маалыматына караганда, кен деңиз деңгээлинен 4 000 метр бийиктикте жайгашкан Ак-Шыйрак тоо кыркалары аймагында болгондуктан иштетилбей келген. Учурда кыртышты ачуу иштери жүрүүдө. Алдыдагы 1–