“Экопродукт Азия” экспорттук багыттарын кеңейтет

“Экопродукт Азия” экспорттук багыттарын кеңейтет

Шопоков шаарындагы сүт жана шире чыгаруучу “Экопродукт Азия” ЖЧКсы экспорттук багыттарды кеңейтип жатканы  Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда белгилүү болду деп жазат “Кабар”.

Компания жетекчилиги министрге өндүрүш аянттарын, реконструкцияланган зоналарды, жаңы цехтердин долбоорлорун, кампаларды жана сапат лабораториясын көрсөткөн. 

Таанышуу учурунда ишканасында өндүрүрүлгөн ультрапастерленген сүт жана түз сыгылган ширелердин дегустациясы өткөрүлдү. Төрөбаев продукциянын сапатын баалап, ишкананын кайра иштетүү тармагына жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна кошуп жаткан салымын белгиледи.

Ишкананы өнүктүрүүгө жалпы 9,622 млн доллар инвестиция салынган. Анын 43,88%ы — компаниянын өз каражаты, 56,12%ы — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу болгон. Модернизация аяктагандан кийин өндүрүштүк кубаттуулук жылына 40 миң тоннага жетет.

“Экопродукт Азия” ички рыноктогу позициясын бекемдеп, экспорттук багыттарды дакеңейтип жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу