Кыргызстан туруктуу климат жана жашыл экономика боюнча талкуу өткөрдү

Кыргызстан туруктуу климат жана жашыл экономика боюнча талкуу өткөрдү

Бишкекте Кыргызстандын климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бишкекте өткөн иш-чарада климаттык өзгөрүүлөрдүн тобокелдиктери жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, климатка туруктуу жана төмөн көмүртектүү өнүгүү жол картасы сунушталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстан тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүшүнө түздөн-түз дуушар болууда. Милдет – туруктуу айыл чарба, сууну эффективдүү колдонуу, жаңы энергетикалык долбоорлор жана жашыл экономика аркылуу өнүгүүнү камсыз кылуу.

Докладда өлкөдөгү суу ресурстарынын азайышы, мөңгүлөрдүн эриши, кургакчылык жана экстремалдуу жаан-чачындар экономиканы жана инфратүзүмдү коркунучка дуушар кылаары айтылды. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ирригацияны модернизациялоо, климатка туруктуу айыл чарба жана энергияны үнөмдүү колдонуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Кыргызстан "жашыл экономика" программасын 2029-жылга чейин ишке ашырып, энергетика, гидроэнергетика, күн панелдери жана суу ресурстарын рационалдуу колдонуу аркылуу климаттык туруктуулукту жана экономикалык өсүштү камсыз кылууну пландап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу