Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 50%га жакындады

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 50%га жакындады

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү боюнча камтуу дээрлик 50 пайызды түзгөнүн Билим берүү министрлиги маалымдады. Ведомствонун маалыматына караганда, 2024/25-окуу жылында мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрү жана формалары, анын ичинде мектепке даярдоо боюнча балдардын камтылышы 44,3 пайызды түзгөн. Жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүү максат кылынууда.

Министрлик 2025-жылы буга чейин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 25 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылып, түз максатында пайдаланууга берилгенин кошумчалады.

Ошондой эле өлкө аймактарында 560 мектепке чейинки билим берүү уюмдары түзүлгөн:
  • 500 кыска мөөнөттүү болуу режиминдеги бала бакча,
  • 60 өнүгүү борбору.

Билим берүү тармагында негизги мамлекеттик кызматтарды бириктирген заманбап санариптик инфраструктура да ишке киргизилди.

“Билим” порталы — билим берүү жаатындагы бардык негизги мамлекеттик кызматтарды бирдиктүү платформада камтыган заманбап санариптик система. Портал аркылуу эми мектептерге, бала бакчаларга, кесиптик лицейлерге кабыл алуу, ошондой эле жеке билим берүү уюмдарын лицензиялоо жана башка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт. Колдонуучулар арыздарды онлайн тапшырып, алардын жүрүшүн көзөмөлдөй алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media