Россияда Лабубу оюнчуктарынан уулуу зат табылган

Россияда Лабубу оюнчуктарынан уулуу зат табылган

Россияда Лабубу оюнчуктары сапат жана коопсуздук талаптарына ылайык текшерүүдөн өткөрүлүп, алардын бир үлгүсүндө уулуу зат табылганын Казинформ агенттиги жазды.

Жалпы 13 оюнчук үлгүсү 53 көрсөткүч боюнча текшерилген. Алардын катарында уулуулук индекси, этикеткалоо, кездеме жана тигиш сапаты, ошондой эле токсикологиялык жана гигиеналык коопсуздук сыноолору болгон.

Үч этаптуу тестирлөөнүн жүрүшүндө бир оюнчукта адамдын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон диоктилфталат (орточо уулуулугу бар, жасалма тери, таңгактоочу желим, курулуш материалдарын чыгарууда кеңири колдонулуучу химиялык зат) табылган. Анын көлөмү 2,9 мг/л деңгээлинде чыгып, уруксат берилген чектен ашып кеткен.

Бул зат, өзгөчө балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу. Ал репродуктивдик жана гормоналдык системага терс таасир бериши мүмкүн. Эстроген гормондорунун ишине кийлигишип, келечекте балдардын жыныстык өнүгүүсүнө таасир тийгизет. Ошондой эле неврологиялык көйгөйлөргө алып келиши ыктымал. Аталган оюнчукту узак убакыт колдонуу боор, бөйрөк ооруларына, аллергияга себеп болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу