Бир адамга эсептелген реалдуу киреше айына 11 240 сом болду

Бир адамга эсептелген реалдуу киреше айына 11 240 сом болду

Үй чарбаларын тандалма сурамжылоо жыйынтыгына ылайык, 2025-жылдын I жарым жылдыгында калктын номиналдык акчалай кирешелери 480,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9%га өскөнү статистикалык маалыматтарда айтылат.

Акчалай кирешелердин түзүмүндө негизги үлүш эмгек ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелерге туура келди — 80,2%. Социалдык трансферттер 12,8%, ал эми жеке кошумча чарбада өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуу 4,5% түздү.

Ошол эле учурда 2025-жылдын I жарым жылдыгында бир адамга эсептелген реалдуу акчалай кирешелер айына 11 240 сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилинен 4%га төмөн болду.

Бир адамга эсептелген пайдаланууга мүмкүн болгон (милдеттүү төлөмдөр жана салымдар алынгандан кийинки) акчалай кирешелер республика боюнча айына 11 393,5 сомго жетти. Ошол эле маалда региондор ортосунда олуттуу айырмачылык сакталууда.

Республика боюнча орточо деңгээлден жогору болгон аймактар:

  • Бишкек шаары — 3 708 сомго жогору,
  • Ош шаары — 248,7 сомго жогору,
  • Чүй облусу — 434,8 сомго жогору.

Орточо деңгээлден төмөн кирешелер катталган аймактар:

  • Нарын облусу — 3 241,8 сомго төмөн,
  • Ысык-Көл облусу — 2 167,7 сомго төмөн,
  • Талас облусу — 1 677,1 сомго төмөн,
  • Жалал-Абад облусу — 931,5 сомго төмөн,
  • Баткен облусу — 857,5 сомго төмөн,
  • Ош облусу — 694,1 сомго төмөн.

Мындан тышкары окуңуз

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media
6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү - 2020-жылы 21,3 млрд сомдон, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 158 млрд сомду түздү. Ал эми ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 138, 9 млрд сом чогултулду. Бул бажылык администрациялоону модернизациялоонун негизги натыйжаларынын бири гана. Мындай билдирүүнү Бажы

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча кезектеги рейд өттү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл башкармалыгы Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү жана Дархан-Тосор айылдарынын аймактарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынан 700 метр эски синтетикалык тор жана 20 кг

Ишкер Media
"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media