Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды
Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча кезектеги рейд өттү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл башкармалыгы Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү жана Дархан-Тосор айылдарынын аймактарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынан 700 метр эски синтетикалык тор жана 20 кг таштанды чыгарылды. Дархан-Тосор акваториясынан дагы 1300 метр тор алынды.
Жалпысынан көлдөн 2000 метр эски тор жана 20 кгдан ашык таштанды чыгарылып, аймак тазаланды.
Адистердин айтымында, эски синтетикалык торлор балыктарга жана көлдүн экосистемасына чоң коркунуч жаратат. Мындай рейддер көлдүн экологиясын сактоо максатында улантылат.