"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти
Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн.
"Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык түшүүлөр 350-400 млн сом эле чогулса, учурда 1,5 млрд сом чогултулуп жатат. Базарга салыкчылар кирбейт", - деди Ысабеков.
Ал ошондой эле салык кызматын санариптештирүү базарлардагы процесстерди көзөмөлдөөнү кеңейтип жатканын белгиледи.