Өлкөдө "жашыл" долбоорлорду аныктоонун жаңы системасы түзүлүп жатат

Өлкөдө "жашыл" долбоорлорду аныктоонун жаңы системасы түзүлүп жатат

Экономика жана коммерция министрлигинде "Көмүр кычкыл газынын чыгаруусун кыскартуу боюнча тандалган чараларды бекемдөө" долбоорунун алкагында жашыл таксономия боюнча эки күндүк семинар өттү. Долбоор Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) тапшырмасы менен GIZ тарабынан ишке ашырылууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Семинарды Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов жана GIZдин "Борбор Азиядагы соода процедураларын жөнөкөйлөтүү" долбоорунун жетекчиси Юдит Бланк ачып, жашыл таксономиянын парник газдарын азайтууда жана туруктуу каржылоону өнүктүрүүдө маанилүү инструмент экенин белгилешти.

Иш-чарага мамлекеттин негизги мекемелеринин өкүлдөрү – Экономика жана коммерция министрлиги, Улуттук банк, Бажы жана Салык кызматтары, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Статистика комитети, ошондой эле банктык жана микрофинансылык секторлор, ишкердик ассоциациялар, импорттоочу компаниялар жана эл аралык уюмдар — жалпы 30дан ашык катышуучу катышты.

Эки күндүк талкууда жашыл таксономияларды колдонуу боюнча эл аралык жана регионалдык тажрыйбалар сунушталып, Кыргызстан үчүн улуттук ыкманы иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле таксономияны пландаштыруу, статистика, банк сектору, салык жана бажы тармактарына интеграциялоонун перспективалары талкууланды.

Семинар жыйынтыгында катышуучулар жашыл таксономияны улуттук деңгээлде ишке киргизүү боюнча бир катар сунуштарды даярдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га