Өлкө боюнча 246 жарактуу лицензиясы жок медициналык мекеме аныкталды

Өлкө боюнча  246 жарактуу лицензиясы жок медициналык мекеме аныкталды

Министрлик өлкө боюнча жеке медициналык жана фармацевтикалык уюмдарда текшерүүлөрдү жүргүзгөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул иш-чаралар медициналык кызматтардын сапатын жана лицензиялык-уруксат берүү тармагындагы мыйзамдардын сакталышын күчөтүү максатында өткөрүлгөн.

Текшерүүлөргө "Лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө" жана "Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө" мыйзамдар негиз болгон.
Жалпысынан 541ден ашык жеке медициналык уюм текшерилип, алардын 246сы (45,5%) ишин жарактуу лицензиясыз жүргүзгөнү аныкталган. Лицензиясы бар 295 мекеменин ичинен 110унда лицензиялык талаптардын бузулганы ачыкка чыккан.

Анын ичинде төмөнкүдөй мыйзам бузуу фактылары катталган:

  • лицензияда көрсөтүлбөгөн багыттар боюнча медициналык кызмат көрсөтүү;
  • кызматкерлерде сертификаттардын, аттестациянын жана тиешелүү медициналык билимин жоктугу;
  • медициналык дипломсуз адамдарды ишке тартуу;
  • санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана инфекциялык көзөмөлдү сактабоо;
  • медициналык шаймандарды талапка ылайык стерилизация кылбоо;
  • дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды, анын ичинде атайын көзөмөлгө алынган препараттарды туура эмес сактоо.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча административдик чаралар көрүлдү. Жалпы айып пулдар 20 млн 740 миң сомдон ашып,  263 мекеменин иши убактылуу токтотулду. Ал эми лицензиясыз медициналык иш жүргүзүүгө байланышкан 246 факты укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү жана чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.

Министрлик белгилегендей, лицензиясы жок медициналык мекемелерге кайрылуу жарандардын ден соолугу жана өмүрү үчүн олуттуу коркунуч жаратат. Профилдик билими жана уруксаты жок адамдардын кызмат көрсөтүшү оор кесепеттерге, инфекцияларга, процедураларды туура эмес жасоого жана бейтаптарга зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке