Евразия аймагындагы өз ара инвестиция 48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция  48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагында инвестициялык активдүүлүк дүйнө жүзүндөгү түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) жалпы төмөндөшүнө карабастан өcүп жатканы ЕАӨБдүн "Өз ара инвестицияларды мониторинг кылуу" аттуу отчетунда айтылат.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы топтолгон ТЧИ көлөмү рекорддук 48,4 млрд долларга жетти. Өсүштүн негизги кыймылдаткычы — жеке бизнес.

Негизги жыйынтыктар:

  • Глобалдык төмөндөөгө карабай рекорддук инвестициялар: Евразия регионундагы топтолгон өз ара ТЧИ 48,4 млрд долларга жетип, 2023-жылга салыштырмалуу +6,4% өсүш көрсөткөн. Ал эми дүйнө боюнча ТЧИ агымы 2024-жылы 11%га азайган.
  • Негизги драйвер — жеке сектор: Жеке компаниялардын үлүшү 72%га чейин көбөйүп, алардын жалпы ТЧИ көлөмү 34,7 млрд долларды түздү.
  • Сырьё секторунан өндүрүшкө ооп жатышат: Чийки зат тармагынын үлүшү азайып, акыркы бир жарым жылда кайра иштетүү өнөр жайына салынган инвестициялар +1,5 млрд доллар менен рекорд койду.
  • Борбордук Азияда инвестициянын дүркүрөп өсүшү: Борбор Азиядагы өз ара ТЧИ көлөмү 1,3 млрд долларга жетип, 2023-жылга салыштырмалуу +42% болду. Алардын 80%ы — курулуш, кайра иштетүү жана финансылык секторлорго туура келет, бул региондун өндүрүштүк жана инфраструктуралык базасын өнүктүрүүгө приоритет берилгенин көрсөтөт.
  • Казакстан жана Өзбекстан — региондогу негизги оюнчу мамлекеттер:
    • Казакстан — ири инвестор жана реципиент: сыртка багытталган инвестициялары 3,25 млрд доллар, ал эми кирген инвестициялар 9,4 млрд доллар.
    • Өзбекстан — ТЧИ боюнча эң чоң реципиент: 10,7 млрд доллар (региондук көлөмдүн 22,3%ы).

ЕАӨБдүн өз ара инвестициялар мониторингинин базасы көрсөткөндөй, Евразия регионундагы топтолгон өз ара ТЧИ акыркы жылдары туруктуу өсүп келген. Бул өсүш дүйнөлүк инвестициялык активдүүлүктүн төмөндөшүнө карабастан уланып жатат. 2024-жылы дүйнөлүк ТЧИ агымы (арачы компанияларды эсепке албаганда) 11%га кыскарган, төмөндөө эки жыл катары менен байкалууда.

ТЧИнин негизги кыймылдатуучу күчү жеке компаниялар бойдон калууда: алардын үлүшү 2016-жылдагы 63%дан 2025-жылдын ортосуна карата 72%га чейин жогорулады, ал эми инвестициялар көлөмү 34,7 млрд долларга жетип, үч жылда дээрлик 13 млрд долларга көбөйдү.

2025-жылдын ортосуна карата биринчи жолу аймакта greenfield-долбоорлордун (жаңы курулуш) үлүшү жетекчиликке чыгып, 40%ды түздү. Ал эми brownfield-долбоорлордун (катардагы объекттерди сатып алуу жана кеңейтүү) үлүшү 39%га чейин төмөндөдү.

Өз ара ТЧИнин негизги үч секторго топтолушу байкалат:

  • чийки зат тармагы — 14,3 млрд доллар;
  • кайра иштетүү өнөр жайы — 8,9 млрд доллар;
  • транспорт-логистика — 5,4 млрд доллар.

Бул үчөө жалпысынан инвестициялардын 60%ын түзөт. Бирок структура акырындап өзгөрүүдө: акыркы бир жарым жылда чийки зат секторунун үлүшү 29,6%га азайса, кайра иштетүү жана финансылык секторлорго салымдар тиешелүү түрдө 1,5 млрд жана 1,4 млрд долларга өскөн.

Өндүрүш секторундагы өсүш негизинен Казакстандагы мунай-химия жана жер семирткич өндүрүшүнө байланыштуу долбоорлор аркылуу камсыз болгон. Финансылык секторго салынган инвестициянын өсүшүнө Грузиянын инвесторлору Армения, Беларус жана Өзбекстандагы банк активдериндеги үлүштөрдү сатып алышы таасир эткен.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө