Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик документтерге, түрдүү маалымкат кагаздарга баа көтөрүлгөнүн парламент жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Бекешев Министрлер Кабинетинин тѳрагасы демилгелеген “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы эселеп өскөнүн айтты:

"Түрдүү маалымкаттар, өзүбүз басып чыгарып жаткан паспорт жана башка бардык документтер эселеп кымбаттады. Кадимки эле маалымкат 500 сом турат. Калкты тейлөө борборуна кирсең баа 34% чейин өсүп кеткен. КТБ өзүнчө эле бизнес-долбоор болуп алды. Мамлекеттик тейлөө акысы кайда өсүп баратат? Эл нааразы. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эмне үчүн унчукпайт?",-деди ал.

Дастан Бекешев кызмат көрсөтүү да товар, азык-түлүк сыяктуу эле сатыларын белгилеп, социалдык маанидеги товарлардын баасын 34% көтөрүүгө каршылыгын билдирди. Ал Монополияга каршы тескөө органы мамлекеттик кызмат акыны жана башка бааларды да карап, тескөөгө тийиштигин эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз