Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында укук коргоо бөлүмдөрүнүн 2026-жылдын 1-чейреги боюнча жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, отчеттук мезгилде контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 4 861 укук бузуу жана кылмыш фактысы аныкталды. 4 718 укук бузуу иши козголуп, алардын жыйынтыгы менен 36,7 миллион сом айып өндүрүлдү жана 204,2 миллион сомдон ашык бажы төлөмдөрүнүн камсыз кылынды.

Кылмыш фактылары боюнча 143 материалдын алкагында 277,5 миллион сом өлчөмүндө зыяндын орду толтурулду. Мамлекеттик бюджетке кошумча түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 518,5 миллион сомду түздү.

Баңгизаттардын контрабандасына каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүнүн 20 фактысы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 28 кг ашык баңгизат жана 1 тоннага жакын прекурсорлор алынган.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, аталган өлкөлөрдүн өз авиакомпанияларынын болушу эске алынууда. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов жергиликтүү медиаларга билдирген. "Германия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анткени ал өлкөнүн Lufthansa Airlines авиакомпаниясы бар. Ошондой эле Польша менен да сүйлөшүүлөр жүрүп

Ишкер Media
К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media