Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

2026-жылдын 22-апрелине карата өлкөнүн эл аралык камдарынын көлөмү 9 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубековдун айтымында, жыл башынан бери эл аралык резервдер 4,7%га көбөйгөн.  

Бул көрсөткүч өлкөнүн тышкы экономикалык туруктуулугун бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Ал эми Улуттук банктын бардык жүргүзүп жаткан чаралары баалардын ашыкча өсүшүн ооздуктоого багытталат.

Мындан тышкары, төраганын орун басары Кыргызстанда экономикалык активдүүлүк жогорку деңгээлде сакталып, өсүш экономиканын бардык тармактарында байкалып жаткандыгын билдирди. Айтымында ушул жылдын  январь-февраль айларында реалдуу эмгек акы 5,6 пайызга жогорулаган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, аталган өлкөлөрдүн өз авиакомпанияларынын болушу эске алынууда. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов жергиликтүү медиаларга билдирген. "Германия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анткени ал өлкөнүн Lufthansa Airlines авиакомпаниясы бар. Ошондой эле Польша менен да сүйлөшүүлөр жүрүп

Ишкер Media
К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media