Жер казынасын пайдалануу лицензияларын кармоо төлөмдөрүнүн жаңы тартиби бекитилди

Жер казынасын пайдалануу лицензияларын кармоо төлөмдөрүнүн жаңы тартиби бекитилди

Министрлер кабинети лицензияларды кармоо боюнча төлөмдөрдү эсептөө, төлөө жана карыздарды өндүрүү тартибинин жаңы редакциясын бекитти.

МинКаб Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу боюнча лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөрдү эсептөө, төлөө жана карыздарды өндүрүү тартибинин жаңы редакциясын бекитти.

Бул документ КРнын салык эмес кирешелер жөнүндө кодексин ишке ашыруу максатында кабыл алынган жана 2022-жылдын 12-августундагы № 449 токтомго өзгөртүүлөрдү киргизет. Эски тартип өз күчүн жоготуп, анын ордуна № 758 токтомго тиркелген жаңы редакция күчүнө кирет.

Жаңы редакцияда каралган негизги өзгөртүүлөр:

  • Төлөөчү, база жана лицензия кармоо төлөмүнүн объектиси түшүнүктөрүн тактоо;
  • Төлөм суммасын эсептөө, кайра эсептөө жана жер казынасын пайдаланууга ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу механизмининин деталдуу аныкталышы;
  • Лицензияларды калыбына келтирүү, убактылуу токтотуу, трансформациялоо жана токтотуу, ошондой эле форс-мажор шарттарындагы аракеттердин тартиби;
  • Лицензиялык аянттын жайгашышына жараша төлөмдөрдү жергиликтүү жана республикалык бюджеттерге бөлүштүрүү эрежелери;
  • Салык органдары менен жер казынасын пайдаланууга ыйгарым укуктуу орган ортосунда маалымат алмашуу жана карыздарды администрациялоо тартиби, анын ичинде төлөнбөгөн учурда лицензияларды токтотуу жана жокко чыгаруу.

Мындан тышкары, STI-176 жана STI-177 формаларын камтыган эсептерди жана отчетторду салык төлөөчү кабинети аркылуу тапшыруу тартиби, ошондой эле жер казынасын пайдаланган субъекттердин маалыматтарды кабарлоо жана жаңыртуу милдеттери өзгөчө белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке