Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды.

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан Жигитовдун 90 жылдыгын өткөрүү, Дүйнөлүк поэзия фестивалын Кыргызстанда уюштуруу жана "Ала Тоо" журналын кайра басып чыгаруу пландары тууралуу билдирди.

МинКаб төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Маматалиев да куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, акын-жазуучуларга колдоо көрсөтүү максатында келерки жылы каражатты 5 миллион сомдон 10 миллион сомго көтөрүлөрүн билдиришти.

Салтанаттуу кечеде конкурс тарабынан тандалган мыкты чыгармалардын авторлоруна дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

"Алтын калем" адабий сыйлыктарынын — жеңүүчүлөр:

Проза жанры

Нуриза Өмүрбаева — 100 000 сом

Поэзия жанры

Өмүрбек Тилебаев — 100 000 сом

Драматургия жанры

— Бул номинация боюнча татыктуу жеңүүчү табылган жок.

Котормо жанры

Алтынбек Исмаилов  — 100 000 сом

Адабий сын

Аскар Медетов — 100 000 сом

Балдар адабияты

Жекшенбай Курманов — 100 000 сом

Орус тилдүү чыгармалар

Светлана Луговая жана Алла Пятибратова — ар бири 50 000 сом

Атактуу адабий сыйлыктын ээлери:

Мелис Мамажан уулу — "Деңиз дүйнө" китеби үчүн "Алыкул Осмонов" атындагы адабий сыйлыкка ээ болду.

Абибилла Пазылов — "Чын курандын жетиси" романы үчүн "Мукай Элебаев" атындагы адабий сыйлыкты алды.

"Тоголок Молдо" атындагы балдар адабий сыйлыгы — Жумабек Токтагазиевге ыйгарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып